Бөлүмдөр
Жекшемби, 17-декабрь
69.75    82.18    1.18    KZT 0.21
Чүй

Айыл турмушу: Чүйлүк А.Суюсуров 180 кг салмактагы койлорду 100 миң сомго чейин баалайт (фото)

Turmush -  Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Ивановка айылынын 31 жаштагы тургуну Абдукерим Суюсуров баккан койлордун салмагы торпоктордон кем калышпайт. Анын короосундагы эӊ чоӊ койдун салмагы 180 кг, ал эми бою 105 сантиметрге жетет. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

«Биздин үй-бүлө 20 жылдан ашуун убакыттан бери мал чарбачылык менен алектенип келебиз. Колубузда асыл тукум койлор жана сүттүү уйлар бар. Мындан сырткары, дыйканчылыкты да калтырбайбыз. Койлордун баалары 10 миӊ сомдон 100 миӊ сомго чейин барат. Албетте, баалары анын тукумуна жана өзгөчө салмагына, боюнун узундугуна жараша бааланат. Менде гиссар жана афган койлору бар. Алардын орточо салмагы 150-170 кг болсо, бою 105 сантиметрге чейин жетет. Келечекте ушул койлордун санын көбөйтүү максаттарым бар», - деди ал.

Суюсуров Абдукерим Бишкек шаарында 1986-жылы төрөлгөн. Учурда Ысык-Ата районуна караштуу Ивановка айылында үй-бүлөсү менен жашап, 4 баланы тарбиялап жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 19046
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
16:21,   16.12.2017   ( 1 адам окуп жатат)
×