Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-июль
Чүй

«Жеңеке»: Кеминге келин болгон Нурзат жеңе турмушка чыкканда «Боз салкындагыдай» окуя болгон (фото)

Turmush -  Кеминге келин болгон 42 жаштагы Сакеева Нурзат жеңеге жолдошу артынан 6 жыл чуркап жүрүп жеткен. Аймактык кабарчы «Жеңеке» долбоорунун кезектеги каарманы менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, Чүй районунун Искра айылында чоңойгон.

«Жолдошум экөөбүз 1997-жылы баш кошконбуз. Быйыл үйлөнгөнүбүзгө 20 жыл болду. Экөөбүздүн үйлөнгөнүбүз кызык окуя. Мен Чүй районунда окучумун. Бирок, 11-классты Кемин районунун Жаңы-Алыш айылындагы мектептен бүтүрүүгө туура келди. Жолдошум менден 2 жаш улуу. Көрсө ошондо эле байкап, сыртымдан жактырып жүрчү экен. Мен кичинемден көп кабаттуу үйлөрдө жашап, орус чалыш болуп өскөм. Айылдык десе эле жактырбай, көңүл бурчу эмесмин.

Эсимде, бүтүрүү кечесинде тоодон жоогазын терип келсе чыкпай койгом. Колумду сурап келишкенде атам «ата-энеси жакшы адамдар» деп мени турмушка узаткан. Ошентип, балдарыбызга айткандай 6 жыл чуркап жүрүп жеткен сүйүүсү болдум. 1997-жылы баш кошконубузда «Боз салкын» тасмасындагы Асема болдум. Кичинемден уй саап, мал чарбачылыгына аралашпагандыктан башында кыйналдым. Бирок. кайын эне, кайын атам абдан жакшы адамдар болгондуктан көп нерсеге үйрөтүштү. Бат эле көнүп кеттим», - деди ал.

Жеңеке учурда үй кожойкеси.

«Жолдошум фермер. Мен үй тиричилиги менен алек болом. Жайында уй саап, каймак чогултуп, сары май жыйнайм. Кышында төшөк каптап, тамак-аш менен алекмин. 1 кызды жана 3 уулду тарбиялап жатабыз. Кызым студент, уулдарым мектеп окуучулары», - деди Нурзат жеңе.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 7653
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×