Бөлүмдөр
Жума, 15-декабрь
69.75    82.48    1.19    KZT 0.21
Чүй

Айыл турмушу: Аламүдүндүк К.Алсеитова таяк тартыш боюнча республикалык мелдеште 1-орунду багындырды (видео, фото)

Turmush -  Алты жаштагы кыздын апасы Кулиса Алсеитова Аламүдүн районунун атынан таяк тартыш боюнча мелдештерге катышып, алдыңкы орундарды багындырып келет. Ал жакында эле республикалык мелдешке катышып, 120 кг салмактагы кыз-келиндер арасында 1-орунду ээледи. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

«Өзүмдүн салмагым 94 кг. Бирок, кечээги өткөн мелдеште 120 кг салмактагылар арасында күч сынаштым. Буга чейин эч кандай мелдештерге катышкан эмесмин. Бирок, бала кезден спортко кызыгып өстүм. Агаларымдын бары көк бөрү оюнуна катышып жүрүшөт. Мен 2017-жылдын май айынан баштап таяк тартышка катыша баштадым. Буга чейин Ысык-Көл облусунда "Дени сак улут – өнүгүп жаткан өлкө" аттуу ураандын алдында өткөн республикалык мелдеште 1-орунду алсам, Кыргызстандын эл артисти, киноактер Болот Бейшеналиевдин 80 жылдыгына карата өткөн мелдеште дагы 1-орунду багындыргам», - деди ал.

Кулиса Алсеитова Чүй облусундагы таяк тартышка катышып жүргөн 4 айымдын бири. Ал 1985-жылы Аламүдүн районуна карашту Арашан айылында төрөлгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1417
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×