При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-август
68.66    80.81    1.16    KZT 0.21

Айыл турмушу: Токмоктук мушкер Даниярдын шакирттери Филиппиндеги мелдешке катышат (фото)

Turmush -  Чүй облусунун Токмок шаарындагы 37 жаштагы машыктыруучу Төлөгөн уулу Даниярдын шакирттери бокс боюнча ийгиликтерди жаратууда. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, бокс менен 10 жыл машыккан. Өспүрүмдөр арасында чемпион болуп, Ташкенттеги мелдештен 2-орунду, Д.Шопоков турниринде 3-орунду багындырган. 2 жылдан бери тажрыйбасын шакирттерине үйрөтүп жатат.

«Кесибим экономист. Азыр Дене тарбия институтунун 5-курсунда окуйм. Учурда Токмок шаарындагы спорттук мектепте машыктыруучу болуп эмгектенип жатам. 2 жылдын ичиндеги жыйынтыктар жакшы. Окуучуларымдын бири Мухтарбек Ибраимов Өзбекстандагы мелдештен 2-орунду, Казакстандан 3-орунду алып келди. Республикабыздын чемпиону болду. 2003-2004-жылкы спортчулар арасында Казакстанда өткөн мелдеште Алмаз Аскаров деген окуучум чемпион болуп келди. Жалпы 25 окуучум бар. Алардын ичинен 5-6 спортчу мыкты ийгиликтерди жаратып келишет. Азыр спортчулар жаш, машыккандарына 2 жыл болду. Азия чемпиондугуна эң алгачкы жолу чыгып жатабыз. Ага катышуу үчүн жакында Филиппин өлкөсүнө барабыз. Эгерде андан окуучум утуп алса, кийинки жылы Аргентинада боло турчу өспүрүмдөрдүн олимпиадасына катышабыз», - деди ал.

Машыктыруучу учурда 3 кыз, 3 уулдун атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 369
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу