При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-август
68.66    80.81    1.16    KZT 0.21

«Тагдыр»: Дарыгердин айынан майып болгонун айткан А.Ишенбекованы 2 баласы менен күйөөсү таштап кеткен (фото)

Turmush -  Токмок шаарынын 42 жаштагы тургуну Асел Абыкаева өтүшүп кеткен муун оорусу менен ооруйт. Аны башында дарыгерлер башка диагноз менен дарылап келишкен.

«Мен дарыгерлердин айынан ушундай оор абалга келдим. Бул оору менен күрөшүп келе жатканыма 7 жыл болду. Буга чейин 2007-жылы дарыгерлер мага гармондук оорусу боюнча диагноз коюшкан. Бирок, алар мени туура эмес диагноз менен дарылай беришиптир. Анын кесепетинен ушул ооруга чалдыктым. Азыр дарыгерлер өтүшүп кеткен муун оорусу менен ооруйт деген диагнозун коюшту. Мен ооругандан баштап эле апам жанымда жүрөт. Жолдошум эки балам менен таштап кеткен. Катуу ооруган жылы балдарымды апама каттатып, төртөөбүз энемдин пенсиясы менен жашап жүрдүк. 2016-жылдан баштап 4700 сом жөлөк пул ала баштадым», - деди ал.

А.Абыкееванын апасынын айтымында, дарыгерлер кызына кайдыгер мамиле кылышкан.

«Кызым ооруп калганда аны туура эмес диагноз менен дарылаган дарыгерди сотко берсек, ал бир жумадан кийин каза болуп калыптыр», - деди апасы.

Жардам берүүнү каалагандар 0708 49 51 33 же 0553 11 33 06 номурларына чала алышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3125
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу