Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-октябрь
68.61    80.6    1.2    KZT 0.21
Чүй

Фото - Кара-Балтада 21 жаштагы келин көчөдө көз жарып, төрөттү 43 жаштагы жолдошу кабыл алды

Turmush -  Кара-Балта шаарында 21 жаштагы кош бойлуу келин тез жардам кызматы келгенге чейин көчөдө көз жарып, төрөттү анын 43 жаштагы жолдошу кабыл алды.

Turmush басылмасынын кабарчысы маалымдагандай, тез жардам кызматына бүгүн, 28-июлда саат 05:00 чамасында эркек киши телефон чалып, кош бойлуу аялынын толгоосу башталганын билдирген.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, 21 жаштагы келин тез жардам кызматы келгенге чейин көчөдөн көз жарган.

28

Жайыл райондук ооруканасынын төрөт бөлүмүнөн билдиришкендей, саат 05:30да Кара-Балта шаарынын тургуну Акбарали кызы Баужар ооруканага тез жардам кызматы менен келген.

«Бейтапты төрөгөн кызы менен кошо алып келишти. Биз эне жана ымыркайга медициналык текшерүү жүргүздүк. Алардын абалы канааттандырарлык экен. Бизде анын медициналык китепчеси жок. Жаш эненин айтымында, ал каттоого турган эмес», - деди Жайыл райондук ооруканасынын төрөт бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаручу Жапар уулу Айбек.

20170728_120626

Жаш эне Баужардын айтымында, ал жолдошу менен Сосновка айылындагы апасынын үйүнө барган. Анын ичи ооругандыктан эртең менен эрте кичи автобус менен Кара-Балта шаарына келишкен. Унаадан түшүп, үйүнө чейин жөө басып бара жатканда толгоосу башталып, ошол жерде көз жарган. Төрөттү 43 жаштагы жолдошу кабыл алган. Бул анын экинчи төрөтү. Ымыркайга азырында ысым тандаша элек.

Төрөт бөлүмүнөн билдиришкендей, мындай учурлар аз эле катталат.

«3 күн мурун аталган бөлүмгө Жайыл районунун Степное айылынын 37 жаштагы тургуну алынып келген. Анын төрөтүн жолдошу жана кошунасы кабыл алган. Ал анын төртүнчү төрөтү экен. Ал экинчи жолу медициналык кызматкерлер жок төрөдү. Биринчисинде төрөт үйүнө келе жатканда көз жарган», - деп билдиришти дарыгерлер.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 4746
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×