При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-август
68.66    80.81    1.16    KZT 0.21

Айыл турмушу: Кеминдик И.Алиев жасаган ээрлерин 20 миң сомго чейин баалайт (фото)

Turmush -  Кемин районунун Жаңы-Алыш айылынын 42 жаштагы тургуну Илияс Алиев сапаттуу ээрлерди жасап, кошуна мамлекеттерге чейин сатат. Аны менен Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы таанышты.

«Мен 1975-жылы Жаңы-Алыш айылында төрөлгөм. Ээр жасоого кичинемден кызыкчумун. Кийин 1998-жылдан баштап жасай баштадым. Ээрлердин жөнөкөйү 5 миң сомдон турат. Эгер сапаты жана кооздугу жакшы болсо 20 миң сомго чейин бааланат. Кочкор, Токмок, Нарын жана Кемин районунун тургундары көп алышат. Атайын буйрутма менен Казакстан жана башка мамлекеттерге да кетет. Ошондой эле, жекшемби күндөрү базарга да чыгарып турам.

Ээрлерим башкалардан сапаттуулугу менен айырмаланат деп айта алам. Учурда балдарыма да ээр жасаганды үйрөтүп жатам. Алар ата жолун жолдоп, ушул иш менен алектенип кетет деген ойдомун», - деди ал.

Илияс Алиев үй-бүлөлүү, 2 кызы жана 2 уулу бар. Ээр жасоодон тышкары дыйканчылык менен алектенет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 588
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу