При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-август
68.66    80.81    1.16    KZT 0.21

«Мекендештер»: Чүйлүк Р.Акматов Казакстанда кыргыз ырчыларынын концерттерин уюштурат (фото)

Turmush -  Чүй облусунун Чүй районундагы Онбир-Жылга айылында өскөн 33 жаштагы Руслан Акматов 11 жылдан бери Казакстандын Алмата шаарында насыя берүүчү компанияда эмгектенет. Мекендешибиз менен аймактык кабарчы таанышты.

Руслан 1984-жылы 7-сентябрда Бишкек шаарында төрөлүп, Бектурсун Алымов атындагы №39 орто мектебинде билим алган. Жогорку окуу жайлардын биринен каржы жана насыя адистигине ээ болуп, 2006-жылы Алматага кеткен. Атасы кыргыз, ал эми апасы казак кызы. Ата-энеси учурда Алматада жеке ишкерлик менен алектенишет.

«Мен эки элдин баласымын, бирок кыргыз болгонума сыймыктанам. Бишкек шаарында 22 жашыма чейин жашадык. Андан соң Алматага келип иштеп калдым. Алгач бул жактагы кыргыз диаспорасында иштедим. Жаштар канатын жетектеп, иш алып бардым. Алматага көнүп калган соң, өз кесибим менен компанияларга кирип иштеп баштадым. 2012-жылы чет мамлекеттердеги кыргыз диаспораларынын форуму болуп, ага Казакстандагы кыргыз диаспорасынын атынан бардым. Андан кийин «Мекендештер» форумуна активдүү катыштым. Азыркы учурда Алматадагы ар кыл багыттагы иш-чараларга аралашып, болгон жардамдарыбызды көрсөтүп турабыз. Казакстанда кыргыз ырчыларынын концерти көп болчу эмес. 2015-жылы "Аizirek Media" чыгармачылык борборун ачып, уюштуруучулук иштерин аткарып жүрдүм», - деди Акматов.

Руслан Казакстанда белгилүү кыргыз эстрада жылдыздарынын концерттерин жана ар кыл багыттагы маданий иш-чараларды уюштуруп келет.

«Мекениме болгон патриоттуулук сезим менде жакшы өнүккөн экен. Бул жерде Казакстан калк ассамблеясы 130 улуттун башын бириктирип турат. Биз дагы анын ичиндебиз. Даталуу күндөрү ар кандай иш-чараларга, жармаңкелерге чыгып турабыз. Башка улуттар менен достук мамиледе бирге иш алып барууга да жетиштик. Казакстандан жумуш издеген мекендештерибизге дайыма колдоо көрсөтүп, жардам берип келем», - деди ал.

Руслан Акматов учурда бир уул жана бир кыздын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 579
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу