Бөлүмдөр
Шаршемби, 18-октябрь
68.51    80.77    1.2    KZT 0.21
Чүй

Айыл турмушу: Чүйлүк сүрөтчү Б.Тамарова адамдардын келбетин кудум өзүндөй тартып, 800 сомдон сатат (фото)

Turmush -  Чүйлүк 45 жаштагы Белла Тамарова 800 сомго адамдардын портреттерин тартып берет. Аймактык кабарчы сүрөтчү айым менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, Кемин районунун Быстровка айылында төрөлгөн. Бала кезинен эле сүрөт тартат. Мектепти аяктагандан кийин Каракол шаарындагы азыркы К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинде окуп, сүрөт жана чийүү сабагынан мугалим болуп чыккан. 

«Мен сүрөттү бала кезден жакшы тартам. Апам да жакшы тартат. Бирок, ал сүрөткө баш-оту менен кирген жок. Мектепте окуп жүргөндө мугалимдер дайыма мага сүрөт тарттырышчу.

Кара жана ак түстөгү сүрөттөр абдан оңой. Андай сүрөттөрдү бир күндө тартып койсо болот. Айрыкча бири-бирин чындап сүйгөн адамдар уюлдук телефонго тартылган сүрөттөрүн алып келип, портрет кылып тарттырып кетишет. Эгер алар мен тарткан сүрөттөрдү карап сүйүнүшсө, мен дагы кубанып калам», - деди ал.

Белла Тамарова Чүй облусундагы Москва районунун жашоочусуна турмушка чыккан. 2 баланын апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 852
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×