Бөлүмдөр
Жума, 23-август
Чүй облусуАламүдүн району 27.07.2017 10:08

Аламүдүндөгү мектептин окуучулары өзгөчө ыкма менен олимпиадаларга даярданууда (фото)

Turmush -  Аламүдүндөгү О.Турсуматов атындагы Бер-Булак орто мектеби райондогу эӊ жаш мектептердин бири.

Анын жетекчиси Гүлнара Мамбетиманованын айтымында, мектептин имараты СССР маалында курулуп баштап, бирок бүтпөй калган. Курулуш 1996-жылы гана шашылыш бүткөрүлгөн.

«Ошол мезгилде ЖКнын мурунку депутаты Ормонбек Турсуматов биздин аймактан шайлоого чыккан. Ал кишиден эл жол жана мектеп салып берүүнү өтүнүшөт. Ошентип О.Турсуматов айылга жол салып, жаңы мектептин курулушун мамлекеттик планга киргизет. Ал учурда имарат курууну мамлекеттик планга киргизүү өтө татаал болчу. Ал ортодо О.Турсуматов ооруп, каза болуп калат. Эл бул кишинин эмгегин жерге таштабай, көчөгө анын ысымын ыйгарышкан. О.Турсуматовдун ысымы көчөгө берилгенин үй-бүлөсү да билген эмес. Кийин биздин айылга жубайы келгенде көчөнүн атын угуп, өтө таӊ калган.

1996-жылы мектеп шашылыш бүткөрүлүп, айылдын окуучуларын кабыл алган. Ага чейин балдар 2 чакырым жолду жөө басып, Таш-Дөбө айылындагы мектептен окуп келишчү», - деди ал.

Башында бул мектеп Бер-Булак мектеби деп ачылган. Кийин 2002-жылы О.Турсуматовдун аты берилип, азыр Ормонбек Турсуматов атындагы Бер-Булак мектеби деп аталат.

«Мектеп 21 жылдан бери иштеп келе жатат. Анын келечеги кеӊ деп ойлойм. Себеби, ушул кыска аралыкта менден мурунку директор Зыйнаш Иманкулованын күчү менен мектеп райондогу алдыңкы мектептердин катарын толуктай алды.

Бизде чыгармачылык менен изденип иштеген мугалимдерибиз көп. Ар кандай мелдештерге катышып, алдыңкы орундарды багындырып келебиз. 21 жылдын ичинде райондук олимпиадада 105 орун, облустук олимпиадада 27 орун, республикалык олимпиадада 5 алдыңкы орундарды алып келдик», - деди ал.

Мектеп 191 орунга эсептелген, бирок учурда 362 бала окуйт.

«2011-жылы "Айылдык мыкты мектеп" республикалык сынагында 4-орунду алдык. 20 мугалимибиздин жетөө "Эл агартуунун отличниги" төш белгисинин ээлери. Бир мугалимибиз "КМШ өлкөлөрү боюнча билим берүүнүн мыктысы". Мындан тышкары Билим берүү жана илим министрлигинин мактоо баракчасын алгандар да бар.

Предметтик олимпиадаларга окуучуларды даярдоодо өзүбүздүн өзгөчө ыкмабыз бар. Эртеӊ мененки саат 7:00дөн саат 8:00гө чейин балдарды даярдайбыз. Андан соӊ кадимки сабактар башталат. Окуучулардын кесип тандоосун эске алып, аларды 5-класстан баштап эле даярдайбыз. Кыргыз мектеп болгондуктан этнопедагогика жана ыймандуулукка көп көӊүл бурабыз. Бүтүрүүчүлөрүбүздүн арасында Россиядагы жогорку окуу жайлардан окуп келгендер бар», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×