Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-октябрь
68.61    80.6    1.2    KZT 0.21
Чүй

Жаш талант: 15 жаштагы боксчу Мухтарбек Филиппинде өтүүчү Азия чемпионатына даярданууда (фото)

Turmush -  Чүй облусунун Токмок шаарынын 15 жаштагы тургуну Мухтарбек Ибраимов 2,5 жылдан бери бокс менен машыгып келет. Ал кыска аралыкта көп ийгиликке жетишкенин аймактык кабарчыга айтып берди.

«Мен Токмок шаарындагы С.М.Киров атындагы мектептин 9-классын аяктадым. Спорт менен машыгып жатканыма 2,5 жыл болуп калды. Бул убактын аралыгында бир топ беттештерге чыгып, алдыңкы орундарга жетишип жатам. Эми Филиппин өлкөсүндөгү Манила шаарында ушул жылдын 8-августунда өтө турган Азия чемпиондугуна камынып жатам. Машыктыруучум Төлөгөн уулу Даниярга абдан ыраазымын. Келечекте Олимпиада оюндарынын чемпиону болгум келет», - дейт М.Ибраимов.

Ал ашпозчу жана автоэлектрик кесиби боюнча билим алууну пландоодо.

«Үйдө апам жана инилерим бар. Атам мен 11 жашымда Кара-Балта шаарынан унаа сүзүп кетип, кайтыш болгон. Биз 4 бир тууганбыз», - деп кошумчалады ал.

Жаш спортчуга өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлү Бактыбек Кудайбергенов 50 миң сом сыйлык тапшырган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 643
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×