При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-август
68.74    80.76    1.16    KZT 0.21

Жаш талант: Кеминдик балбан Б.Асылташев эркин күрөш боюнча эл аралык турнирде коло тагынды (фото)

Turmush -  Кемин районуна караштуу Тегирменти айылынын 17 жаштагы тургуну Булутбек Асылташев Токмок шаарында өткөн эркин күрөш боюнча эл аралык турнирде коло медаль багындырды. Жаш спортчу менен аймактык кабарчы таанышты.

«Мен 2000-жылы Тегирменти айылында төрөлгөм. Спорт менен машыгып жатканыма 5 жылдын жүзү болду. Ушул 5 жылдын аралыгында күрөш боюнча Кемин районунун 3 жолку чемпиону болдум. Бул мен үчүн чоң жетишкендик. Ошондой эле, райондук, облустук, республикалык деңгээлде өткөн турнирлерге да катышып, көптөгөн ийгиликтерди жаратып келем. Жакында Токмок шаарында өткөн турнирден коло медаль багындырдым. Бул турнирде биздин кошуна мамлекеттерден келген спортчулар менен күч сынаштык.

Азыркы учурда Бишкек шаарындагы колледжде билим алып, №5 орто мектепте машыгып жатам. Келечекте программист болсом дейм. Ошондой эле, спорт тармагында да көптөгөн ийгилектерге жетишип, Кыргызстандын желегин желбиреткен мыкты спортчулардан болсом деп кыялданам», - деди жаш спортчу.

Булутбек үй-бүлөдө 3 бир туугандын кичүүсү, эжеси жана агасы бар. Атасы Эсенгул Молдоянов фермер, ал эми апасы Айнура Жумакадырова үй кожойкеси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 407
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу