При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-август
68.66    80.81    1.16    KZT 0.21

Жайыл районундагы үйлөнүү тойдо жаштар ок атышып, массалык мушташ болду

Turmush -  Жайыл районунда жаштардын массалык мушташуусу болду. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар билдиришти.

Алардын маалыматына караганда, кечээ, 24-июлга караган түнү Степное жана Алексеевка айылдарынын жашоочулары мушташып кетишкен. Мушташтан кийин 30га жакын жаш жигиттер кармалган.

Кийинчерээк Чүй ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришкендей, Жайыл районунун Степное айылында жаштар арасында ок атышуу болуп, 5 адам жарадар болгон. Маалыматка караганда, 22-июлда Степное айылында эки жаштын үйлөнүү үлпөт тою өтмөк.

«Кызды алып кетип жатканда жергиликтүү тургундардан турган топ конокторго «салык салууга» аракет кылышкан. Бирок, жаш балдар баш тартышкандыктан алардын ортосунда мушташ чыккан. Кийинки күнү Степное жана Алексеевка айылдарынын жашоочуларынын жолугушуусу болмок, ага Кара-Балта шаарынын жашоочулары дагы келишкен.

24-июлда Жайыл РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Степное айылында мушташуу болуп, ок атылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Оперативдүү тергөө тобу окуя болгон жерге баратканда 3 унаа катуу ылдамдыкта астынан чыгышкан. Алар токтотулганда ичинде 28 жигит болгон. Бардыгы РИИБге жеткирилген», - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле, аларды текшерүүдө жанынан ок атуучу курал алынган. Аталган факт боюнча эки шектүү кармалып, КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 232-беренеси (бейбаштык) менен кылмыш иши козголгон. Учурда шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Мушташуу учурунда жабыр тарткан адамдардын өздүгү аныкталган. Алар: 1977-жылы туулган М.К., 1990-жылы туулган С.С., Б.М., Т.Б. жана Б.Н.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1988
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу