При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-август
68.66    80.81    1.16    KZT 0.21

Кыргызстанда биринчи жолу «Шайыр аталар» тобу түзүлдү (фото)

Turmush -  Республикада биринчи жолу Кемин районунда «Шайыр аталар» тобу түзүлдү. Бул тууралуу аталган топтун мүчөлөрү Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына билдиришти.

«Биздин топ ушул жылдын март айында Кемин райондук маданият үйүнүн алдында түзүлдү. Аталган топтун түзүлүшүнө "Кыз-жигит" сармерден оюну түрткү берди. Биз анда Нарын районунун кыздары менен беттешкенбиз.

Кемин районунан чогулган таланттуу аталар Таласта өткөн "Шайыр апалар" сынагына барып, өз куттуктоолорубузду айтып, даярдаган чыгармаларыбызды тартуулап келдик. Беш айдын ичинде райондо болуп жаткан бардык маданий иш-чараларга катыштык. Топтун курамындагы аталар айыл жергесинде айыл чарба менен алектенебиз.

Музыка ар бир эле адамдын жан дүйнөсүнө бакыт тартуулайт эмеспи. Биз дагы ырдасак кадимкидей ток жүргөндөй болобуз. Бир чети күнүмдүк жашоодон алаксып, мекендештерибизге талантыбызды тартуулоо менен карылыгыбызды да бактылуу өткөрүп жатабыз», - деди аталар.

Топто жалпысынан 11 мүчө бар. Алар ырчылыктан тышкары мал чарбачылык, дыйканчылык менен алектенишет.

IMG_2606-21-07-17-02-34

IMG_2605-21-07-17-02-34

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1060
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу