При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-август
68.66    80.81    1.16    KZT 0.21

Адам өмүрү кыйылган кырсыкка күнөөлөнгөн прокурордун жардамчысы качып кетип, кийинки күнү милицияга өзү барды

Turmush -  Токмок шаарында адам өмүрү кыйылган жол транспорт кырсыктын күнөөкөрү качып кетип, кийинки күнү милиция кызматкерлерине өзү барган.

Чүй ОИИБдин Патрулдук милиция башкармалыгынын АКИpress агенттигине билдиргенине караганда, 18-июлга караган түнү милицияга авария катталганы тууралуу маалымат түшкөн. Бишкек—Торугарт унаа жолунун 58-чакырымында «Тойота Фораннер» унаасы каршы тилкеде келе жаткан «Хонда Стрим» унаасына урунганы аныкталган. Кырсыктан кийин «Тойота Фораннердин» айдоочусу качып кетип, «Хонда Стримдин» айдоочусу менен 5 жүргүнчүсү ооруканага жеткирилген. Жабырлануучулардын бири — 1997-жылы туулган Б.А. эсине келбей каза болгон.

Кийинки күнү милицияга кырсыктын күнөөкөрү — 32 жаштагы Д.С. өзү барган. Азыркы учурда аталган факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 281-беренеси (унаа башкарууда эрежени бузуу) менен кылмыш иш козголду.

Мурдараак укук коргоо органдарындагы булактар адам каза болгон бул кырсыктын күнөөкөрү Бишкек шаарынын Биринчи май районунун прокурорунун жардамчысы экенин билдиришкен. Бул маалыматты Патрулдук милиция башкармалыгынан тастыкташкан жок.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1857
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу