Бөлүмдөр
Шаршемби, 18-октябрь
68.57    80.64    1.2    KZT 0.21
Чүй

Кеминде эки унаа кагышып, бир адам каза болду

Turmush -  Кемин районунда болгон жол транспорт кырсыгынын кесепетинен бир адам каза болду. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдирди.

Маалым болгондой, кырсык кечээ, 18-июлда болжол менен саат 21:30 чамасында Бишкек–Нарын–Торугарт унаа жолунун 90 чакырымында болгон. Аламүдүн районунун Лебединовка айылынын 63 жаштагы тургуну К.Т.нын башкаруусундагы «Ниссан Микро» (мамлекеттик номуру 2977 BC) үлгүсүндөгү унаа менен Кемин районунун Ак-Бата айылынын 52 жаштагы тургуну Э.К.нын башкаруусундагы «МАЗ» үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа кагышкан.

Окуядан кийин Кемин райондук аймактык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган жеңил автоунаанын айдоочусу көп узабай каза болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1341
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
17:28,   18.10.2017   ( 7 адам окуп жатат)
×