Бөлүмдөр
Шаршемби, 13-декабрь
69.75    82.23    1.19    KZT 0.21
Чүй

5 жыл төшөктө жатып каза болгон милиционердин үй-бүлөсүнө ИИМ убадалаган батирди берди (фото)

Turmush -  Кара-Балта шаарында оорудан улам каза болгон милиция кызматкеринин үй-бүлөсүнө Ички иштер министрлиги убадалаган батирди тапшырды, деп билдирди аймактык кабарчы.

Буга чейин маалымдалгандай, милициянын прапорщиги Рыспек Жаманкулов 1971-жылы Жайыл районунун Бөксө-Жол айылында туулган. Ал 23 жыл укук коргоо органдарында иштеген. Акыркы 5 жылдан бери оорудан улам төшөккө жатып калган. Ал 5 жыл мурун жумушунан үйүнө барган учурда инсульт болуп жыгылып, андан улам 1-топтогу майыптыкты алган. Буга байланыштуу ИИМ Р.Жаманкуловдун үй-бүлөсүнө батир бөлүп берүүнү убадалаган болчу. Бирок, ага жетпей 2016-жылдын 24-сентябрында милиция кызматкери көз жумган.

Милиция кызматкеринин жубайы Чынара Жаманкулованын айтымында, жолдошу дагы 2 жыл иштесе пенсияга чыкмак. Бирок инсульт оорусуна кабылып, төшөккө жатып калган.

«Менин кичинекей 3 балам бар. Рыспек оорусунан улам өз алдынча кыймылдабай, тамак иче албай жана сүйлөбөй калган. 5 жылда карызыбыз көбөйүп кетти, батирде жашадык. Жолдошумдун пенсиясын батирге жумшачубуз. Айылда Рыспектин атасынын үйү бар. Жолдошумдун бир туугандары ал үйдү бизге өткөрүп бергенде үй эч качан сатылбасын деген шарт коюшкан. Ал жакта кышында жашоо оор боргондуктан биз Кара-Балтага көчүп келгенбиз», - дейт Ч.Жаманкулова.

Анын айтымында, батир алууга кезекке турганда алар 100-болуп катталышкан. Бирок, жашоо шарты текшерилгенден кийин прапорщиктин үй-бүлөсү 6-орунга жылдырылган.

«Рыспек каза болуп калды, бирок батир анын балдарына берилет деп үмүт кылып жатам. Анын 23 жыл укук коргоо органдарында кылган эмгеги текке кетпейт деп ойлойм», - деген ал.

Кийин Ч.Жаманкулова жардам сурап, ИИМге жана президент А.Атамбаевге чейин кайрылган. Көп инстанцияга кайрылгандан кийин райондук милициянын кызматкерлери тиешелүү документтерди чогултууну өтүнүшкөн.

Учурда бул үй-бүлө борбордогу жаңы батиринде жашап жатышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3023
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×