При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-август
68.74    80.76    1.16    KZT 0.21

Кара-Балтанын тургундары «Ыр-Кесе» сынагы менен өнөрлөрүн тартуулашты (фото)

Turmush -  Чүйдүн Жайыл районунда «Ыр-Кесе» сынагы болуп өткөнүн аймактык кабарчы билдирди. Маалым болгондой, аталган сынак Ыйман, адеп жана маданият жылына карата Кара-Балта шаарынын мэриясы тарабынан уюштурулган.

«Бул сынак ар бир райондордо, айыл өкмөттөрдө өткөрүлүп жатканда мен комиссияда болчумун. Кызыктуу номурларды көрдүм. Чындыгында "Ыр-Кесе" элге керек экен. Бул сынак аркылуу адам ичинде катылып жаткан талантын сыртка чыгара алат. Албетте, айыл жергесинде жана шаарда да таланттар абдан көп. Биз шаардагы чыгармачыл топторду бул сынакка тартканга аракет кылдык. Фольклор, бий искусствосу, вокал жана улуттук аспаптарда кол ойнотуу боюнча тапшырмалар болду. Сөзсүз түрдө акындар менен дастанчылар чыгышы керек эле. Алар дагы өнөрлөрүн көрсөтүштү», - деди Кара-Балтадагы сынактын уюштуруучусу Гулжан Байбосунова.

«Ыр-Кесе» сынагында жалпы 30га жакын номур көрсөтүлүп, мектеп жашынан баштап пенсия курагына чейинки таланттуулар катышты.

Сынактын жеңүүчүлөрү жай айынын аягында белгилүү болот. Алар аткарган номурлар Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүндө көрсөтүлөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 556
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу