При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-август
68.66    80.81    1.16    KZT 0.21

Айыл турмушу: Дарыгер Н.Шкуркина кыздарды жигиттерден келген гүлдү барктай билүүгө чакырат (фото)

Turmush -  Наталья Шкуркина Панфилов районунун Фрунзе айыл аймагындагы ооруканада 21 жылдан бери дарыгер болуп эмгектенет. Ал 1972-жылы Сокулук районуна караштуу Военно-Антоновка айылында төрөлгөн. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

WhatsApp Image 2017-07-12 at 08.14.02

WhatsApp Image 2017-07-12 at 08.14.03 (1)

«1996-жылы медициналык институтту аяктап, Сокулук районунун үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун дайындоосу менен Фрунзе айыл аймагындагы ооруканага дарыгер болуп жумушка орноштум. Башында мага Жаӊы-Жер, Жаӊы-Пахта жана Фрунзе айылдардын атын атап, "кайсынысына барасыӊ?" дешти. Мага үч айыл теӊ тааныш эмес болгондуктан "кайсынысы болсо да бара берем" дедим. Аталган борбордун кызматкерлери мага жакын деп Фрунзе айыл аймагына жөнөтүштү. Ал кезде Фрунзе айылына келүү абдан коркунучтуу болчу. Автоунаалар аз эле. Автобус менен гана каттачубуз. Ал дагы тез каттачу эмес, эл да аз түшчү. Айылдын айланасы камыш, көлчүк болчу. Азыр абал жакшы, кичи автобустар байма-бай каттайт. Жолдор жасалып, айылдын аймагында жашоочулар да көбөйдү. Учурда үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун үй-бүлөлүк дарыгери болуп эмгектенем. Күнүнө 10-15 бейтапты кабыл алып турам», - деди ал.

Ардактуу кесиптин ээси кыздарды жигиттерден келген гүлдү барктай билүүгө үндөп, антпесе экинчи гүл келбей каларын айтат.

«Студенттик кезде 2-тайпада окуган кыздын Марат аттуу жолдошу гүл алып келсе «мунун ордуна картошка алып келсеӊ боло» дептир. Ошондон кийин анын жолдошу гүл алып келбей калыптыр. Кийин бизге "кыздар жигитиӊер кокус гүл алып келсе, анын ордуна тигини же муну алып келсеӊ болмок деп эч качан айтпагыла" дечү», - деди ал.

Дарыгер үй-бүлөлүү, 2 уулдун апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 508
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу