При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-август
68.66    80.81    1.16    KZT 0.21

Жаш талант: Кеминдик ырчы А.Айбекова «Сары-Өзөн чолпондору» сынагынын облустук турунда 2-орунду багындырган (фото)

Turmush -  Чүй облусунун Кемин районунун 17 жаштагы тургуну Айжамал Айбекова келечекте ырчы болуп, чыгармачылык менен алектенүүнү кыялданат. Ал жакында эле «Сары-Өзөн чолпондору» сынагына катышып, облустук турдан 2-орунду багындырган. Аны менен Turmush басылмасынын кабарчысы таанышты.

«Менин ырдап жүргөнүмө 4-5 жылдын жүзү болду. Ырга шыктуулугумду мектептеги мугалимим Майрам эже байкап, "талантың бар экен" деп айткан. Вокалдан сабак алууга шартым болбосо да, көптөгөн сынактарга катышып келем. 7-классымда "Патриоттук ырлар" сынагына катышып, Б.Борбиевдин "Кыргызстаным" аттуу чыгармасын ырдап, 1-орунду албай калгам. Андан катуу намыстанып, вокалдык жактан өзүмдү даярдап баштадым. Кийин "Сары-Өзөн чолпондору" сынагына катышып, айылдык, райондук турдан 1-орунду алып, облустук турга жолдомо алдым. Ал жерден 2-орунду багындырдым. Бул сынакка Жолдошбек Мамажановдун калемине таандык, Айым Айылчиеванын аткаруусундагы "Ак бата" чыгармасын аткардым.

Быйыл Кемин шаарындагы Ж.Садыков атындагы мектепте 10-классты аяктадым», - деди ал.

Айжамал кыргыз эли сыймыктанган ырчы болууну кыялданат.

«Мектепте окуп жатканыма байланыштуу апам азыр тойлордо ырдаганга уруксат бербейт. Чакыруулар болуп турат. Сентябрь айынан тарта вокал боюнча сабакка барууну пландап жатам. Келечекте Кыргыз-түрк “Манас” университетинин искусство факультетинде окуп, татыктуу билим алып, кыргыз эли сыймыктанган ырчылардын бири болгум келет», - деди Айжамал.

А.Айбекова үй-бүлөдө 2 бир туугандын кичүүсү. Апасынын кесиби мугалим, бирок соода тармагында эмгектенет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 722
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу