При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-август
68.66    80.81    1.16    KZT 0.21

Айыл турмушу: Кеминдик Р.Сепеев 10 миң долларлык асыл тукум жылкыларды багып жатат (видео, фото)

Turmush -  Кемин районундагы Тегирменти айылынын 47 жаштагы тургуну Рысбек Сепеев саяпкерчилик менен алектенип, 3 миң доллардан 10 миң долларга чейин бааланган асыл тукум жылкыларды багат. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, ал асыл тукум жылкыларды 2000-жылдан баштап баккан.

«Мен 1970-жылы Тегирменти айылында төрөлгөм. Саяпкерлик өнөр ата-бабаларымдан калган. Чоң атам улакчы болгон. Ал эми, өзүмдүн атам тайган агытып, ат таптаган. 2000-жылдардан тарта кыргыз тукумундагы жылкыларды ат чабыштарга даярдап баштадым. Бирок, ал тукумдагы жылкылар менен ат чабыштар өткөрүлбөй калды. Англис тукумундагы таза кандуу жылкыларды 2005-жылдан тарта кармай баштадым», - деди ал.

Саяпкер учурда 15 таза кандуу жылкы кармайт жана аларды көптөгөн мелдештерге
чыгарат.

«Жылкыларым ат чабыштарда дайыма алдыга чыгып, байгелүү орундарга ээ болуп келет. Байге катары мал-жандыктарды, үй эмеректерин жана башка белектерди алып жүрөбүз. Менин негизги максатым ат чаап, байге алуу эмес, Кыргызстанда асыл тукумдуу жылкыларды көбөйтүү», - деди саяпкер.

Р.Сепеев үй-бүлөлүү, 3 баланын атасы. Саяпкерчиликтен тышкары дыйканчылык, мал чарбачылык менен алектенет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 856
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу