Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-июль
Чүй

Кылым карыткан имарат: Акын Тоголок Молдо окуган Сайлыктагы мектепке быйыл 128 жыл болду (фото)

Turmush -  Чүй районуна караштуу Сайлык айылында жайгашкан эски мектеп 128 жыл мурун курулган. Учурунда бул мектептен улуу акындардын бири Тоголок Молдо, тарыхчы Белек Солтоноев билим алышкан.

IMG_2328-10-07-17-02-05

Сайлык орто мектебинин директору Ракыя Бектурованын айтымында, Чүй өрөөнүнөн чыккан болуш Дүр Сооронбай уулу ушул мектепти курдуруп, 1889-1890-окуу жылдарында окуучулар кабыл алынган. Бул мектеп Чүй облусу боюнча алгачкы билим берүүчү окуу жай болгон. Алгач башталгыч класстарга гана 60 окуучу кабыл алынган эле.

«Дүр Сооронбай уулунун мектебинде белгилүү акын Тоголок Молдо, тарыхчы Белек Солтоноев билим алышкан. Азыркы учурда мектеп бош турат. Келечекте аны музейге айлантуу пландалып жатат», - деди ал.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1678
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×