Бөлүмдөр
Шаршемби, 18-октябрь
68.51    80.77    1.2    KZT 0.21
Чүй

Айыл турмушу: Кеминдик Т.Молдошев пескоблок чыгарып, жердештерине кызмат көрсөтүп жатат (фото)

Turmush -  Кемин районуна караштуу Жаңы-Алыш айылынын 39 жаштагы тургуну Тилек Молдошев пескоблок чыгарып, жердештерине кызмат көрсөтүп жатат. Аны менен Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы таанышты.

«Мен 1978-жылы Жаңы-Алыш айылында жарык дүйнөгө келгем. Пескоблок чыгарып жатканыма 4 жылга жакындап калды. Буга чейин ар кандай жумуш менен алектенип, бир топ жерде иштегем. 2014-жылдан баштап туруктуу жумуш менен алек болууну чечип, ушул ишти баштагам. Азыркы күндө элдер дубалдарды гана эмес үй, сарайларды да пескоблок менен тосуп жатышат.

Пескоблоктун кичирегинин1 даанасы 23 сомдон, стандарт түрүндөгүсү 26 сомдон бааланат. Кардарлардын көбү кеминдиктер, Жаңы-Алыш айылынын тургундары. Учурда цехте 4 адам иштейт», - деди ал.

Тилек Молдошев үй-бүлөлүү, 4 кыздын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 883
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×