Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-октябрь
68.61    80.6    1.2    KZT 0.21
Чүй

Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн башчылыгына С.Султанов келди (фото)

Turmush -  Кемин районуна караштуу Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн башчысы болуп 56 жаштагы Салмурбек Султанов шайланды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга айыл өкмөттөн билдиришти.

Маалым болгондой, аталган айыл өкмөттүн башчылыгына Салмурбек Султанов жана мурунку айыл өкмөт башчысы Таалайбек Асанов ат салышкан. Шайлоонун жыйынтыгында Салмурбек Султанов 9 депутаттын добушу ээ болду.

Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинде жалпы 11 депутат бар.

С.Султанов 1960-жылы Кемин районунун Кызыл-Октябрь айылында төрөлгөн. Кесиби инженер-технолог, Айыл чарба институтун аяктаган. Учурда үй-бүлөлүү, 6 баланын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1263
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×