Бөлүмдөр
Шаршемби, 13-декабрь
69.75    82.23    1.19    KZT 0.21
Чүй

Айыл турмушу: 25 сом айлык менен иштеген дарыгер Ж.Алыкулова үй-бүлөсүн кол өнөрчүлүк менен бакчу (фото)

Turmush -  «Саламаттыкты сактоонун мыкты кызматкери» төш белгисинин ээси Жаӊыл Алыкулова бир жылда 12 миң адамды дарылайт. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

«Мен 1960-жылы Нарын облусунун мурунку Тянь-Шань районуна караштуу Куланак айылында төрөлгөм. 1977-жылы Куланак орто мектебин бүтүп, ошол жылы Кыргыз мамлекеттик медициналык институттун дарылоо факультетине тапшыргам. Аны 1983-жылы аяктап, Илим изилдөө институтунун ординатурасына өттүм. Анда окуп жүрүп, институттун неврология бөлүмүндө иштеп калдым. Ал жерде 1993-жылга чейин иштеп, андан кийин Кант шаарына көчүп келип, райондук ооруканада эндокринолог болуп жумушка орноштум. Менде диспансердик катталууга 4500 киши алынган. Анын ичинен 1940 адам кант диабети, 1042 адам богок, калгандары ар кандай эндокринологиялык оорулар менен оорушат. Бир жылда 12 миң бейтапты дарылайбыз.

Өзүм 35 жылдык эмгек жолумда көптөгөн грамоталардын ээси болдум. 2010-жылы «Саламаттыкты сактоонун мыкты кызматкери» төш белгиси, жакында эле Чүй облусунун ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктүн ардак грамотасы менен сыйландым», - деди ал.

Ж.Алыкулова 1990-жылдары 25 сом айлык алып иштеп жаткан учурда кол өнөрчүлүк менен да алектенип, кошумча киреше тапчу.

«Таенем кол өнөрчү болгон экен. Анын жолун улап, мен жана менин бир туугандарымдын баары уз-чеберлер болушту. Өзүм жүн ийрип, кийимдерди түйөм. 1990-жылдары 25 сом айлык менен иштеп жатканда ушул кол өнөрчүлүгүм жан багууга чоң жардам берди», - деди ал.

Жаңыл эженин иш учурунда кызыктуу окуялары көп болот.

«Менин бейтаптарым «сизди урушпасын деп бир жума диета кармадык» дешет. Негизи бейтаптар дайыма мүнөздөп тамак ичиши керек. Аларды карап күлүп, анда мен үчүн дайыма диета кармагыла деп калам», - деди ал.

Дарыгер үй-бүлөлүү, 1 уул, 1 кыздын апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1581
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×