При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-август
68.74    80.76    1.16    KZT 0.21

Таң заарда ачылган Жайыл районундагы мал базарда 7 дубандын бодо малы сатылат (фото)

Turmush -  Жайыл районундагы мал базар Чүй облусу боюнча эң чоң базарлардын бири. Анда, соода-сатык иштери таң заардан башталат. Бул мал базарга ишемби жана жекшемби күндөрү миңге жакын бодо мал — жылкы, бука, уй жана кой-эчкилерди жана чочколорду алып келишет. Кардарлар менен сатуучулар пайдалуу соода келишимдерин түзүү үчүн аталган күндөрдү колдон чыгарбаганга аракет кылышат. Turmush басылмасынын кабарчысы аталган базарды жеринен көрүп келди.

Жайыл району Казакстандын чек арасына жакын жайгашкан. Ошондой эле, Чүй облусун Кыргызстандын түштүгүндөгү региондор менен байланыштырып турат. Мына ушул жерге ар жекшемби сайын өлкөнүн 7 дубанынан — Жалал-Абад, Ош, Нарын, Ысык-Көл облустарынан малчылар бодо малдарын жүктөп келишет.

«Бизде алыстан келген малчылар үчүн атайын мал сарайлар бар. Ишембиге чейин келген сатуучулар ошол сарайга малын киргизип коюшат. Кээде малы өтпөй калса кийинки аптанын эс алуу күндөрү кайрадан чыгарышат. Бул сарайдан малдарга жем-чөп жана суу берүү үчүн да атайын шарттар түзүлгөн. Бирок, акыркы күндөрү алыстан келген сатуучулар кийинки жуманын ишемби жана жекшемби күндөрүнө калбай, малын келген күнү эле сатып кетүүдө», - деди мал базардын жетекчиси Сайракан Абдукаимова.

Мал базардын жетекчиси ар дайым базардагы жагымдуу шарттарды түзүп берүүнүн үстүндө иштеп келет. Мындан 5 жыл мурун базардын айласында жөн гана тосмолор турса, учурда малды жана алардын ээлерин жайкысын күндөн, кышкысын кардан жана жаандан коргоп туруучу бастырмалар орнотулган. Мындан тышкары, ири мүйүздүү жана майда жандыктар үчүн атайын короолор курулган.

«Базардагы соода-сатык тартиби мага жакпаган көрүнүштөрдөн башталды. Буга чейин бир катарда аялдар бодо малдар үчүн аркан-жип жана башка керектүүлөрдү жерге коюп алып сатышчу. Айрымдар ушул жерде тамак-аштарды да сатып турушчу. Албетте, бул жер мал базар. Бирок, тартип болушу керек. Мындан улам, бетондон үстү жабылган соода орундуктарын куруу чечимин кабыл алдым. Менин бул сунушумду колдоп, аны ишке ашырууга Мамлекеттик санэпидкөзөмөл борбору, Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекция жана башкалар жардам беришти.

Баарын бир убакта жасап жиберүү мүмкүн эмес. Бирок, биз күнүгө базарда жагымдуу шарттарды түзүү үчүн аракеттерди көрүп жатабыз. Мисалы, суу түтүктөрүн оңдоп-түзөөдөн өткөрүп, малдарды жүктөп келген унаадан түшүрүү үчүн кошумча дөңдөрдү куруудабыз. Мындан тышкары, мал сатуучу жерден алыс жайгашкан тамактануучу жай да бар», - деди Сайранкан эже.

Жайыл районундагы мал базарга башка региондордогу мал базардын жетекчилери келип, бул жердеги шарттар менен таанышып, өз көздөрү менен көрүп кетишет. 

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 595
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу