Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-октябрь
68.61    80.6    1.2    KZT 0.21
Чүй

Кемин шаарынын башчылыгына кайрадан С.Досов келди (өмүр баяны)

Turmush -  Чүй облусуна караштуу Кемин шаарынын мэри болуп кайрадан Досов Соолайбек Содалыевич шайланды. Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына мэриядан маалымдашкандай, шаар башчылыгына Соолайбек Досов  жалгыз талапкер катары көрсөтүлүп, шаардык кеңештин депутаттарынын 20 добушуна ээ болгон. Ал эми, бир депутат ага каршы добушун берген.

a685b20d8d1fcf6416d0eb09d7278b5f

Кемин шаардык кеңеште жалпы 21 депутат бар.

Өмүр баяны:

Досов Соолайбек Содалыевич 1962-жылы 23-сентябрда Кемин шаарында төрөлгөн. 

1969-жылы Быстровка орто мектебине кирип, аны 1979-жылы аяктаган. Андан кийин «КЭТЗ» биргелешкен ишканада иштеп, 1980-жылы №7 техникалык-кесиптик окуу жайга барган. Аны ийгиликтүү аяктап, Фрунзе политехникалык институтуна кабыл алынган.

1988-жылы Кыргыз улуттук университетинин юридикалык факультетинин сырттан окуу бөлүмүнө кирип, аны 1992-жылы бүтүргөн.

Эмгек жолу:

- 1992-жылдан 2009-жылга чейин Мамлекеттик салык инспекциясынын Кемин району боюнча бөлүмүндө ар кандай кызматтарында иштеген;

- 2009-жылдан 2010-жылга чейин Октябрь району боюнча салык кызматында эмгектенген;

- 2010-жылдан 2012-жылдын апрелине чейин Бишкек шаардык мэриясынын чакан жана орто бизнес бөлүмүнүн башчысы болгон;

- 2012-жылы 28-апрелде Кемин шаарчасынын башчылыгына шайланган. 2012-жылы сентябрда Кемин шаарчасы шаар макамын алгандан кийин, ушул күнгө чейин мэр болуп эмгектенген.

С.Досов үй-бүлөлүү, эки баланын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 745
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×