Бөлүмдөр
Шаршемби, 18-октябрь
68.57    80.64    1.2    KZT 0.21
Чүй

Айыл турмушу: А.Жанышпаева тушоо кесүү той үчүн улуттук кийимдерди даярдайт (фото)

Turmush -  Чүй облусунун Кемин районуна караштуу Чоӊ-Кемин айыл аймагынын тургуну Алтын Жанышпаева 22 жыл эл агартуу тармагында үзүрлүү эмгектенип, учурда коомдук иштерге активдүү катышып келет. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

«Мурунку Кыргыз мамлекеттик университетинин филология бөлүмүн аяктагам. Коомдук иштерден тышкары кол өнөрчүлүк менен да алектенип келем. Аны апамдан үйрөнгөм. 5-6-класста окуп жүргөндө эле апама жардам берип, кийиздерди, шырдактарды жасашып, оймолорду чийип берчүмүн. Оюмдун үлгүсүн мурунку шырдактарды көрүп жасачумун.

Бир жолу ат-башылыктар шырдактарды жасап, чет өлкөгө кетирип жатканын угуп, айылдагы уз-чеберлерди топтодук. Андан соң, Бөкөнбаев айылындагы "Алтын оймок" коомдук фондунун жетекчиси Жаӊыл Байышова менен байланышып, ал кишиден кеӊеш алдык. Ошентип, биз дагы шырдак жасап, аларды чет мамлекеттерге жөнөтүп баштадык.

Мындан тышкары, кыздарга сеп, тушоо кесүү жана баланы бешикке салуу тойлору үчүн кыргыздын нукура кийимдерин тигебиз. Мисалы, тушоо кесе турган макисин, ала жибин, кыз болобу, эркек бала болобу, алардын кийимдерин тигип, тойго даярдайбыз. Ошондой эле, кийизден майда белектерди, сумкаларды, кооз буюмдарды жасап, өзүбүзгө келген коноктор аркылуу сатып жатабыз», - деди ал.

Кол өнөрчү айым коомдук иштерге да катышып, айыл эли үчүн бир топ иштерди аткарды. Ал үй-бүлөлүү, 3 кыз жана 3 неберенин апасы.

«Жолдошум болуп Чоӊ-Кемин айыл өкмөтүнүн Шабдан айылында турабыз. Үч кыз, үч неберем бар, 2 кызым турмушта. Бир кызым 11-классты бүтүп, жогорку окуу жайга өттү» - деди ал.

Алтын Жанышпаева Чүй районунун Дөӊ-Арык айылында 1957-жылы төрөлгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1097
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
17:28,   18.10.2017   ( 3 адам окуп жатат)
×