Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-октябрь
68.61    80.6    1.2    KZT 0.21
Чүй

Айыл турмушу: П.Тойчубекова 70 миң сомдук сеп даярдайт (фото)

Turmush -  Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Лебединовка айылынын тургуну Перизат Тойчубекова апасынан үйрөнгөн кол өнөрчүлүктү улантып, кыздын себин даярдайт. Аймактык кабарчы уз-чебер менен таанышты.

«Бул иш менен алектенип жатканыма 1 жыл болду. Буга чейин хобби катары гана тааныштарыма кыздын себин жасап жүрчүмүн. Кийин башка адамдардан буйрутмалар түшө баштады. Учурда кыздын себин заманбап стилде жасап, сатып жатам.

Кыргыздын улуттук буюмдары эч качан унутулбаса, ар бир үйдө турса, аларга чет өлкөдөн келгендер суктанып карап турушса деп кыялданам. Ошондой эле, улуттук буюмдарды бүт дүйнөгө таанытып, бардык мамлекеттерге жиберсем деген максатым бар», - деди ал.

П.Тойчубекова менен 3 кыз иштейт. Алар бир септи 2 күндөн 6 күнгө чейин жасап бүтүшөт.

«Апамдын чеберчилигине баа берем. Көз болжом менен эле тебетей, чепкендерди өзү бычып, укмуштуудай кылып тигип койчу. Бала кезимде апам менен кышкысын төшөк курап чыкчубуз. Жаз келери менен шырдак, ала кийиздерди жасачубуз. Ошентип бул кол өнөрчүлүктү апамдан үйрөнгөм.

Бир сеп 10 миӊ сомдон 70 миӊ сомго чейин бааланат. Себеби, Ош жергесине жууркандарды көбүрөк жасатышса, Чүйдө аз жасатышат. Куракты өзүбүз курасак, сайманы машинага саябыз. Мени менен 3 кыз иштейт. Бир септе болжол менен 4 жер төшөк, 2 жууркан, 8 жаздык болот», - деди ал.

Кол өнөрчү экономика факультетин бүтүрүп, кесиби менен дагы эмгектенүүдө.

«1977-жылы Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Кызыл-Октябрь айылында төрөлгөм. Учурда Аламүдүн районуна караштуу Лебединовка айылында жашайм. Эки кызым жана эки уулум бар», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1043
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×