Бөлүмдөр
Шаршемби, 18-октябрь
68.51    80.77    1.2    KZT 0.21
Чүй

Москва районунун 3 окуучусу алтын сертификатка ээ болушту (фото)

Turmush -  Москва районунун 3 окуучусу жалпы республикалык тестирлөөдөн жогорку упайларды топтоп, алтын сертификатка ээ болушту. Бул тууралуу аймактык кабарчыга райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Насирдин Тезекбаев билдирди.

IMG-20170630-WA0048

Анын айтымында, аталган район боюнча 11-классты 538, 9-классты 1417, 1-классты 2209 окуучу аяктады. Жалпы республикалык тестирлөөдө Чүй облусу боюнча 55 окуучу алтын сертификатка ээ болсо, анын ичинен 3 окуучу Москва районунан алышкан.

IMG-20170630-WA0049

«Петровка мектеп-гимназиясынын окуучусу Дон Алексей 221 упай, Биринчи май орто мектебинин окуучулары Гюзаль Чекербаева 220 упай жана Жылдыз Топоева 221 упайга ээ болушкан», - деди Н.Тезекбаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 675
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×