Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-октябрь
68.61    80.6    1.2    KZT 0.21
Чүй

Айыл турмушу: 31 жаштагы А.Саматов мельхиордон жасаган ээрди 500 миӊ сомго баалады (фото)

Turmush -  Аламүдүн районундагы Лебединовка айылынын 31 жаштагы тургуну Алмазбек Саматов мельхиордон (жез менен никель эритиндиси), алтындан, жезден жасаган ат жабдыктарын 60 миӊ сомдон 500 миӊ сомго чейин баалап сатат. Чебер уста зергерчилик боюнча атайын билим алып, 2 жылдан бери ушул тармакта эмгектенип келет. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

«Бир ат жабдыгын жасоого бир айдан үч айга чейинки убакыт талап кылынат. Эгерде буйрутмалар татаал болсо андан да көп убакыт кетет. Баалары кеткен чыгымга жараша болот. Мисалы, аябай кылдаттык менен жасалган ээрлерибиз 60 миӊ сомдон 200 миӊ сомго чейин бааланып сатылат. Кээде мындан да кымбат сатылышы мүмкүн. 2016-жылы Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына жасап барган ээрлеримдин баасы 500 миң сом болчу. Ал биринчи сорттогу булгаарыга кыргыздын улуттук оймо-чиймеси түшүрүлүп жана эшилип жасалган. Ошондой эле, ага мельхиор чегилген. Менин бул ат жабдыгым Кыргызстандын алдыңкы зергерлеринин айткандарына караганда, мельхиордон алгачкы жолу жасалган эмгек болду.

Биз ат жабдыктарды гана жасабастан кемер кур, зер буюмдарга да буйрутмаларды алабыз. Келечекте зер буюмдарды чет өлкөгө чейин сатсам деген максатым бар», - деди чебер уста.

Ал жогорку билимдүү, Ош мамлекеттик университетин аяктаган.

«Бишкек шаарындагы С.Чокморов атындагы №92 кесиптик лицейинин зергерчилик тармагында окуп, аны 2016-жылы аяктагам. Жакында Адеми аттуу кыздуу болдук», - деди ал.

Алмазбек Саматов 1986-жылы Ош облусуна караштуу Алай районунун Үч-Төбө айылында төрөлгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1410
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×