Бөлүмдөр
Жума, 23-август
Чүй облусуЖайыл району 28.06.2017 17:25

Чүйдөгү 4 айыл өкмөттүн башчылары Түштүк Кореяда окуп жатышат (фото)

Turmush -  Чүй облусундагы 4 айыл өкмөттүн башчылары жана лидерлер Түштүк Кореяда «Аракет, эмгек, биримдик» урааны менен билим алып жатышат. Бул тууралуу Кош-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысы Азис Нурдинов билдирди.

«Чүй районунун Кош-Коргон жана Искра айыл өкмөтү, Сокулук районунун Крупская айыл өкмөтү, Жайыл районунун Ак-Башат айыл өкмөтүнүн башчылары жана лидерлеринен жалпы 16 адам Түштүк Кореяга окууга келгенбиз. Бул жерге келгенибизге 8 күн болду. Эртеӊ Кыргызстанга жолго чыгабыз.

Окутуу долбоору "Сэмаыль ундон" уюму аркылуу ишке ашты. Бул уюм 1970-жылы түзүлүп, "Аракет, эмгек, биримдик" деген ураан менен иштейт экен. Булар Азиядагы 7 өлкөнүн 27 айылы жана Африкадагы 2 өлкөнүн 10 айылы менен иш алып барышат.

Окуунун жыйынтыгында ар бир катышуучуга сертификаттар берилди. Биз бул жактан өз айылыбыздын айыл чарбасынын өнүгүшү боюнча долбоор жаздык. Алар долбоордун негизинде июль айында 20 миң доллар кайтарымсыз акча каражатын беришет», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×