Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-октябрь
68.61    80.6    1.2    KZT 0.21
Чүй

Айыл турмушу: Чүйлүк К.Карагулов 45 кг эт берүүчү койлорду багат (фото)

Turmush -  Чүй районундагы Чүй айылынын тургуну Курманбек Карагулов 7 жылдан бери гиссар тукумундагы койлорду багып келет. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

«Чарбамда саан уйлар, гиссар тукумундагы койлор бар. Койлордун 1,5 жаштагыларын базарга алып барсам, 3 жаш го деп ишенишпейт. Койлордун тиштерин көрсөткөндө гана ишенишет. Бир ирет кардарлар өздөрү эле кочкорумду 25 миӊ сомго чейин баалашкан. Буга чейин гиссар койлор жакшы бааланып сатылчу. Кийин акчасы өтө кымбат болуп кеттиби, айтор өтүмү аз болуп калды. Булар жөнөкөй койдон эки эсе көп эт берет. Бирок, ошого жараша жем-чөп жейт. Болжол менен гиссар кочкорлор 40-45 кг чейин эт берет. Ал эми, жөнөкөй койлор 20-25 кг эт беришет.

Гиссар койлор жайы-кышы жайытта болуп, кээде байлоого киргизип коебуз. Голштин жана Ала-Тоо породасынан тараган уйларыбыз сүттүү. Күнүнө ар бири 25-30 литр сүт беришет», - деди ал.

К.Карагулов үй-бүлөлүү, 1 уул жана 3 кыздын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 710
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×