При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-август
68.66    80.81    1.16    KZT 0.21

Айыл турмушу: Канттык А.Алияскаров баккан уйлардын ар бири күнүнө 25 литрден сүт берет (фото)

Turmush -  Ысык-Ата районунун Кант шаарынын 26 жаштагы тургуну Аскат Алияскаров күн сайын 25 литрге чейин сүт берген «Ала-Тоо» жана «Голштин» тукумундагы уйларды багып жатат. Аймактык кабарчы жаш фермер менен таанышты.

«Мен 9 жылдан бери мал чарбасы менен алектенем. Негизи короого көп деле малды кармабайм. Аларды байлап сатып, кайра ордуна башкасын алып келип турам. Учурда «Ала-Тоо» жана «Голштин» тукумундагы 5 уйду багып жатам. Келечекте бул уйлардын санын көбөйтөм. Мындай уйлардын ар бири күн сайын 25 литрге чейин сүт берет.

Мындан сырткары, жылкы жана башка мал-жандыктарды багам», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 540
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу