Бөлүмдөр
Шаршемби, 18-октябрь
68.57    80.64    1.2    KZT 0.21
Чүй

Айыл турмушу: Канттык 26 жаштагы М.Саралаева 3D форматындагы сандарды жасайт (фото)

Turmush -  Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Кант шаарынын 26 жаштагы тургуну Мээрим Саралаева кол өнөрчүлүк менен жарым жылдан бери алектенип келет. Анын бул өнөрдү аркалап калышына кызынын туулган күнү себеп болгон. Кол өнөрчүнүн эмгектерин аймактык кабарчы көрүп келди.

«Кызымдын туулган күнүнө өзгөчө бир белек тартуулагым келди. Интернеттен карап отурсам 3D форматындагы сандарды, тамгаларды жасаган өнөр бар экен. Аны көрүп отуруп, тез эле үйрөнүп кеттим. Жасаганым кызыма гана эмес, өзүмө жана тааныштарыбыздын баарына жакты.

Ошентип, кызымдын туулган күнүн өткөрдүк. Конокко келгендер мен жасаган өзгөчө белегиме кызыгып, мага буйрутма берип кетишти. Кол өнөрчүлүк ойдо жок жерден мына ушинтип башталды.

Кол өнөрчүлүк менен алектенгениме жарым жыл болсо дагы кардарларым көбөйүп калды», - деди ал.

Кол өнөрчү Кант шаарында 1991-жылы төрөлгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 885
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
17:28,   18.10.2017   ( 3 адам окуп жатат)
×