При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-август
68.66    80.81    1.16    KZT 0.21

Айыл турмушу: Канттык машыктыруучу Д.Хабиров 18 жашында бокс боюнча Кыргызстандын чемпиону болгон (фото)

Turmush -  Кант шаарынын тургуну Давран Хабиров 18 жашында бокс боюнча Кыргызстандын чемпиону болгон. Спортчу менен аймактык кабарчы таанышты.

«Кант шаарындагы №3 орто мектебин аяктап, Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясын бүтүргөм. Негизи спортко 10 жашымда келдим. Бокс менен машыгып, 18 жашымда Кыргызстандын чемпиону болуу менен бирге спорттун чебери наамын алдым. Көптөгөн өлкөлөргө барып, мелдештерге катыштым. Анын көпчүлүгүндө жеӊиш менен кайтып келип жүрдүм. Эми болсо 3 жылдан бери окуучуларды машыктырып келе жатам. Ар бир машыктыруучунун тилеги олимпиаданын чемпиондорун чыгаруу эмеспи. Мен дагы спорттун мыктыларын тарбиялап чыксам деп тилек кылам», - деди ал.

Спортчу үй-бүлөлүү, 2 кыздын атасы.

«2007-жылы үйлөнгөм. 2 кызым бар, улуусу 8 жашта, кичүүсү 5 жашта. Өзүм болсо Бишкек шаарында 1982-жылы төрөлгөм», - деди ал.

WhatsApp Image 2017-06-23 at 15.38.27

WhatsApp Image 2017-06-23 at 15.38.29

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 500
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу