Бөлүмдөр
Шаршемби, 13-декабрь
69.75    82.23    1.19    KZT 0.21
Чүй

Айыл турмушу: 34 жаштагы Р.Усубалиев үйүндө карышкырдын бөлтүрүгүн багып жатат (фото)

Turmush -  Ысык-Ата районунун Кант шаарынын 34 жаштагы тургуну Руслан Усубалиев үйүндө карышкырдын бөлтүрүгүн багып жатат. Анын аймактык кабарчыга билдиргенине караганда, бөлтүрүктү мындан бир ай мурун Ысык-Көлгө болгон сапарында Сары-Камыш айылынан сатып алган.

«Мен бала кезден эле мергенчиликке кызыгам. Мындан бир ай мурун Сары-Камышка барсам жаш балдар кичинекей бөлтүрүктү сууга салып өлтүргөнү жатышыптыр. А, энесин болсо мурун эле өлтүрүп коюшуптур. Мен алардан анын баласын 1,5 миң сомго сатып алгам. Атын болсо "Клык" деп коюп, үйдөгү күчүктүн жанына кошуп койдум. Ага берген тамак-аштан жеп турат. Жумасына бир жолу сөөк, эт алып келип берем.

Өзүм болсо айыл чарба менен алектенем. Ушундай жапайы жандык бакканга кызыккандар же зоопарктарга, цирк оюндарына алам дегендер болсо, сатайын деген оюм бар», - деди ал.

Р.Усубалиев үй-бүлөлүү, 1 кыздын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1086
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×