Бөлүмдөр
Жума, 23-август
Чүй облусуКемин району 24.06.2017 15:19

Кемин районунда 459 бүтүрүүчү аттестат алды

Turmush -  Бүгүн, 24-июнда Кемин районунда 459 бүтүрүүчү мамлекеттик аттестатка ээ болушту. Бул туралуу аймактык кабарчыга районду билим берүү бөлүмүнөн билдиришти.

Маалым болгондой, Кемин районунда жалпы 32 мектеп бар. 459 окуучу 11-классты бүтүрүп жатса, 729 окуучу 9-классты аяктады. Жалпы республикалык тестирлөөдө район боюнча эң жогорку болгон 212 баллды Актилек орто мектебинин бүтүрүүчүсү Дастан Албосов алды. Ошондой эле, Кемин шаарындагы №1 мектептин бүтүрүүчүлөрү Чиканов Александр - 211 балл, Жапарова Камила - 205 балл, Садыралиев Алибек - 195 балл алганы белгилүү болду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×