Бөлүмдөр
Жума, 23-август
Чүй облусуСокулук району 22.06.2017 12:54

Сокулукта «Жаштык – китеп кербени - 2017» иш-чарасы башталды (фото)

Turmush -  Бүгүн, 22-июнда Сокулук районунда «Жаштык – китеп кербени - 2017» иш-чарасы өтүүдө. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Сокулук райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Т.Ракимбаева билдирди.

«Бул иш-чараны бизге Кемин району өткөрүп берди. Эми биз Чүй районуна өткөрүп беребиз. Иш-чара абдан жакшы өтүп, чакан программадагы концерт менен коштолуп жатат. Улуттук тамак-аштардын да көргөзмөсү уюштурулду», - деди ал.

Аталган иш-чара Ыйман, адеп жана маданият жылына карата уюштурулган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×