Бөлүмдөр
Шаршемби, 13-декабрь
69.75    82.23    1.19    KZT 0.21
Чүй

Көк-Ойрок айылдык кеңештин төрагалыгына М.Оторбаев шайланды (фото)

Turmush -  Кемин районундагы Көк-Ойрок айылдык кеңешинин төрагасы болуп 40 жаштагы Муратбек Оторбаев шайланды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга айыл өкмөттөн билдиришти.

Маалым болгондой, төрагалыкка 2 талапкер ат салышып, добуш берүүнүн жыйынтыгында Канат Жумалиев 4 добуш алса, Муратбек Оторбаев 7 добуш алган.

 М.Оторбаев 1977-жылы Кемин районуна караштуу Тегирменти айылында төрөлгөн. Эл аралык академиянын юридикалык факультетин аяктаган. Үй-бүлөлүү, 3 баланын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 874
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×