При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-август
68.74    80.76    1.16    KZT 0.21

Сокулукта Элеттик аялдардын күнү белгиленди (фото)

Turmush -  Сокулук районунда Элеттик аялдардын күнү менен чогуу З.Кайназарованын туулган күнүнө арналган иш-чара өттү.

Маалым болгондой, иш-чара райондук деңгээлде өтүп, ага өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басарлары Э.Ашырбаев, А.Солтонбекова, Сокулук районунун акими Б.Саткеев, райондук мамлекеттик администрациянын жетекчилери жана кызматкерлери, айыл өкмөт башчылары, Элеттик аялдар күнүнүн негиздөөчүсү Н.Бейшеева, ошондой эле ар бир айыл өкмөттөн коомго эмгеги сиӊген ардактуу апалар катышты. Бул иш-чара концерттик программа менен коштолуп, «Аксаамай» фольклордук ансамбли ыр-бий тартуулашты.

Өкмөттүн 2015-жылдагы токтому менен 18-июнь — Элеттик аялдар күнү деп белгиленген. Бул күнү Социалисттик эмгектин баатыры Зууракан Кайназарова төрөлгөн. Иш-чара айыл өкмөт тарабынан уюштурулуп, З.Кайназарованын бакма кызы Буся Иманалиева терең ыраазычылыгын билдирди.

Зууракан Кайназарова 1902-жылы Сокулук волостунун Жангарач (Жыламыш) айылында кедей-кембагалдын үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Эмгек жолун 1929-жылы Сокулук районундагы Калинин (Белек) атындагы колхоздо кызылчачы болуп иштөөдөн баштаган. 1939-жылы коммунисттик партиянын мүчөлүгүнө өтөт. СССРдин Жогорку Советинин 1-3-чакырылыштарынын (1937-1946-жылдары жана 1950-1954-жылдары) депутаты болуп шайланган. 1947-жылы анын эмгек жамааты 15 гектардын ар бир гектарынан 971,5 центнерден кант кызылчасын алып, мындай жогорку түшүмү үчүн 1948-жылы Социалисттик эмгектин баатыры деген наам ыйгарылган. 1949-жылы өзү иштеген Калинин атындагы колхозго башкармалыкка көрсөтүлүп, үч жыл чарбаны жетектеген.

Кыргызстан компартиясынын 3-12-съезддерине делегат, анын Борбордук комитетинин мүчөсү болгон. Кыргыз ССРнин Жогорку советинин бир нече чакырылышынын депутаты, Жогорку советинин төрагасынын орун басары болуп дайындалган.

1952-жылдан баштап «Дружба» колхозунда кант кызылчасынан мол түшүм алууга жетишкен. Анын натыйжасында 1957-жылы экинчи жолу Социалисттик эмгектин баатыры деген ардактуу наам алган.

Зууракан Кайназарова Үч Ленин, Эмгек Кызыл Туу ордендеринин жана көптөгөн медалдардын кавалери болгон. 1958-жылдан баштап пенсионер болуп, 1982-жылы дүйнөдөн кайткан. Бишкектеги Эркиндик бульварынын, Сокулук районунун администрациясынын алдына анын бюсту орнотулган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 525
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу