При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Ишемби, 19-август
68.71    80.62    1.16    KZT 0.21

«Эгиздер»: Кундуз түгөйү Жылдызды комендантка билдирбей жатаканадагы ордуна жашаткан (фото)

Turmush -  Эгиздер Кундуз Узакбаева менен Жылдыз Узакбаева Нарын облусунун Жумгал районуна караштуу Чаек айылында 1991-жылы 4-октябрда төрөлүшкөн. Аймактык кабарчы эгиздердин бири Кундуз менен таанышты.

WhatsApp Image 2017-06-18 at 19.22.52

«Буга чейин бизди бир да адам айырмалап билишчү эмес. Ушунчалык окшошсуӊар деп таӊ кала беришчү. Жада калса мүнөзүбүз да окшош деп айтышчу. Бирок, менин калым бар. Үйдөгүлөр ошол калымды көрүп, ким экенибизди билип алышчу. Экөөбүз теӊ Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетке өтүп, бирөөбүз тилчи, экинчибиз журналист кесибин алып чыктык. Айрым учурларда бири-бирибиздин сабактарыбызга алмашып бара берчүбүз. Эч ким шек алчу эмес. Мени Жылдыз экен деп, эгизимди Кундуз экен деп ойлоп кала беришчү.

Окуп жүргөндө университеттин жатаканасында мен жашачумун. Турмушка чыккандан кийин эч нерсени комендантка билгизбей ордума Жылдызды киргизип койгом. Бул сыяктуу кызыктуу окуялар көп эле болду», - деди ал.

Учурда Кундуз менен Жылдыз экөө теӊ үй-бүлөлүү.

«Жолдошум экөөбүздүн 1 кыз, 1 уулубуз бар. Эгизим да үй-бүлөлүү. Алар да 2 балалуу болушту» - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 756
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
14:53,   16.08.2017   ( 1 адам окуп жатат)
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу