При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-август
68.74    80.76    1.16    KZT 0.21

Чүйдө «Чуӊкурчак көчү - 2017» фестивалы өттү (видео, фото)

Turmush -  Чүй облусундагы Аламүдүн районуна караштуу Арашан айылында Ыйман, адеп жана маданият жылына карата «Чуӊкурчак көчү-2017» фестивалы өттү. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысы билдирди.

Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ализа Солтонбекованын билдирүүсүнө караганда, аталган фестиваль кыргыз элинин тарыхын, улуттук маданиятын даӊазалоо максатын көздөйт.

Иш-чарада ар кандай көргөзмөлөр, сынактар, кыргыз улуттук оюндар өткөрүлдү. Ошондой эле, жарамазан айтылып, сармерден оюну уюштурулуп, цирктин оюнчулары аттары менен конокторго өз өнөрлөрүн тартуулашты. Ар бир оюнга 5 миң сомдон 30 миң сомго чейин байгелер коюлду.

Фестиваль жеке демөөрчүлөр тарабынан колдоого алынып, ага өлкөнүн булуӊ-бурчунан жана чет мамлекеттерден келген коноктор катышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 602
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу