При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Шейшемби, 27-июнь
68.85    76.91    1.15    KZT 0.21

Кеминде «Ден соолук караваны» тобунун дарыгерлери эне жана балдарды кароодон өткөрүштү (фото)

Turmush -  Кемин районунун аймагында 13-14-июнь күндөрү «Ден соолук караваны» тобунун дарыгерлери эне жана балдарды кароодон өткөрүштү, деп билдирди Turmush басылмасынын кабарчысы.

Иш-чара «Балдар биздин планетанын келечеги» аттуу бир айлыктын алкагында уюштурулду.

Медициналык кароолор Кемин шаарында жана Шабдан айылында жүргүзүлдү. Анда «Ден соолук караваны» тобундагы педиатр, гинекологдор жалпы район боюнча 100дөн ашык бала жана энелерди медициналык кароодон өткөрүштү.

Иш-чаранын жүрүшүнө өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары А.Солтонбекова таанышты. «Ден соолук караваны» бир айдын ичинде облустагы айылдарды кыдырмакчы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 366
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×