При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-август
68.74    80.76    1.16    KZT 0.21

Видео - Кара-Балтада мойнун кескен А.Асатулоев экс-депутаттын батиринен кантип көчүрүлгөнүн айтып берди

Turmush -  Кара-Балта шаардык кеңештин экс-депутатына тиешелүү батирде эки баласы менен убактылуу жашаган Алишер Асатулоев кечээ, 15-июнда ал үйдөн көчүрүлдү. Ал бүгүн, 16-июнда АКИpress маалымат агенттигине келип, батирден кантип көчүрүлгөнүн айтып берди.

А.Асатулоевдин билдирүүсүнө караганда, эртең менен саат 10:00 чамасында сот аткаруучулар батирге келип, үйдөн көчүп кетүүсүн талап кылышкан. Аларды укук коргоо органдарынын кызматкерлери коштоп жүрүшкөн.

«Мен аларга бул батирде 12 жылдан бери жашап жатканымды жана эч көчпөй турганымды айттым. Үйдүн ичин толугу менен оңдоп-түзөөдөн өткөрүп, балдарым ушул үйдөн төрөлүшкөн. Сот аткаруучуларга «биринчи менин өлүгүмдү ушул үйдөн алып чыккандан кийин батирди ала бергиле» дедим. Бирок, алар мени байлап көчөгө алып чыгышты. Үйдөгү кийимдерим менен сыртта жүрдүм. Ошол учурдагы бардык окуялар менин балдарымдын көзүнчө болуп жатты. Сот аткаруучулардын физикалык күч колдонууга эч кандай укуктары жок эле», - деди ал.

А.Асатулоев балдары үчүн мойнун жана колун кескенин кошумчалады.

«Мен өз өмүрүмө кол салгым келген жок. Акыл-эсим тунук эле адаммын. Укугумду коргоп жана үнүмдү укканга жардам сурап ушундай кадамга бардым», - деди ал.

Эки баланын атасы А.Асатулоев балдар үйүндө чоңойгон.

«Ата-энеси жок чоңойдум. Мен көргөн тагдырды балдарыма каалабайм. Аялым башка бирөөгө кетип калган. Балдардын тамак-ашына жана өзүбүзгө үй сатып алайын деп, Россияга иштеп кеткен учурда аялым өзүнө жаш жигит таап алыптыр. Россияда иштеп тапкан акчаларды аялыма салып турчумун. Бирок, ал пайдасыз жакка сарптап жоготуптур. Кыргызстанга келсем балдарым да каралбай калыптыр. Мындан улам аялымды үйдөн кууп чыккам», - деди ал.

Учурда А.Асатулоевдин абалы туруктуу. Ал турак жай маселеси боюнча бирөө-жарым чечип берерине үмүт артып, коомчулуктан жардам сурады. Ошондой эле, ал укук коргоо органдарынын жардам бербегенин, Жайыл райондук соту Асатулоев көчүрүлгөн батирге тиешелүү документтерди көрсөтүүдөн баш тартканын кошумчалады.

Turmush басылмасына маалым болгондой, А.Асатулоевдин балдарын социалдык тармактын кызматкерлери балдар үйүнө алып барууну чечишкен. Бирок, ал жерде жетим балдар гана алынгандыктан, 2 жана 7 жаштагы өспүрүмдөрдү Жайыл районунун Сосновка айылында жашаган Яшиндин үй-бүлөсү кабыл алган. Алар Асатулоевдин балдарын турак жай маселеси чечилгиче карап турарын билдиришүүдө.

Эки балалуу ата Александровка айылында араба менен жүк ташуучу болуп эмгектенет. Ага жардам берүүнү каалагандар 0779 38 03 58 жана 0555 42 62 77 номурларына кайрылса болот.

Окуя тууралуу:

Кара-Балта шаардык кеңешинин мурунку депутатына тиешелүү батирден көчүрүлүп жаткан эркек киши өзүнүн мойнун кесүүгө аракет жасады. Turmush басылмасынын кабарчысы билдиргендей, 1979-жылы туулган эркек киши өз өмүрүнө кол салып, мойнун жана колун кесүүгө аракет жасаган. 15-июнда ал жашаган батирге сот аткаруучулар милиция кызматкерлери менен чогуу келишти.

Эркек киши жашаган батир 2007-жылы ээсиз калган мүлк катары эсептелген. Анын учурда 2 жана 7 жаштагы балдары бар. Алардын бири ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген.

Жакында эле бул батирдин ээси табылып, ал 2016-жылы үйдү мурунку ээсинен алган ырастоочу документтин негизинде мыйзамдаштырган. Алдын ала маалыматтарга караганда, батирдин мурунку ээси 2006-жылы каза болуп калган. Ал эми, үйдүн азыркы ээси Кара-Балта шаардык кеңештин экс-депутаты Ольга Архипованын айтымында, батирдин жашоочуларын көчүрүү тууралуу Жогорку соттун чечими чыккан.

Ал эми, көчүрүлүп жаткан эркек кишинин жактоочусу үй туура эмес мыйзамдаштырылганын айтты.

«Батир мурунку ээсинин тилкаты менен эле туура эмес мыйзамдаштырылган. Ал эми, тилкат кварталдык комитеттин төрагасы тарабынан күбөлөндүрүлгөн», - деди ал.

Кара-Балта шаардык кеңештин экс-депутатына тиешелүү батирден көчүрүлгөн эркек киши эки кичинекей баласы менен бул үйдө убактылуу жашап жаткан. Анын кошуналары эркек киши жашаган батирге келип, анын жакшы сапаттарын айтып колдоп турушту.
Батирден көчүрүү учурунда А.А.ны укук коргоо органдарынын кызматкерлери, ал эми анын эки баласын социалдык бөлүмдүн өкүлдөрү алып кетишти. Социалдык тармактын кызматкерлери Рита Эсенова жана Каныгүл Абдраимованын айтымында, А.А. башка энелерге караганда балдарын жакшы багып жаткан. Ал эми, өспүрүмдөрдүн энеси балдарын таштап, башка үй-бүлө куруп кеткен.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1447
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу