Бөлүмдөр
Шаршемби, 18-октябрь
68.51    80.77    1.2    KZT 0.21
Чүй

Ысык-Ата району боюнча республикалык тестирлөөгө 928 бүтүрүүчү катышты

Turmush -  Чүй облусунун Ысык-Ата району боюнча быйыл 928 бүтүрүүчү жалпы республикалык тестирлөөгө катышты. Бул тууралуу аймактык кабарчыга аталган райондун билим берүү бөлүмүнүн башчысы Болот Иманалиев билдирди.

«Район боюнча эң көп упай алган Байрам Абасов болду. Ал жалпы 218 упайга ээ болду. Ал эми, район боюнча артыкчылык аттестат менен бир окуучу бүттү. ЖРТга 11-класстын 1 миң 132 бүтүрүүчүсү катышты. 9-класс боюнча 52 окуучу «5» деген баа менен мектепти аякташты», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1172
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×