Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-октябрь
68.61    80.6    1.2    KZT 0.21
Чүй

Бала тили — бал: Чоӊойгондо чоӊ Алия болом, - 4 жаштагы Алия (фото)

Turmush -  Кичинекей балакайлардын айлана-чөйрөгө көз караштары кандай? Алар сүйүүнү, жаман-жакшыны, таарыныч-сагынууну кандай түшүнүшөт? Ата-энелер жашоо-тиричилик менен жүрүп, балдарынын ой жүгүртүүлөрүн аңдабай калышы мүмкүн. Бул жолку каарманыбыз ата-энеси менен Сокулук районунда жашаган 4 жаштагы  Чубак кызы Алия.

- Кимдин кызысың?

- Чуактын. Ариет мамамдын баласы (бир тууган иниси).

- Канчадасың?

- Төйттө.

- Канча бир туугансың?

- Иним бар.

- Атамбаев деген ким?

- Билбейм.

- Эмнени жакшы көрөсүң?

- Мултикти жакшы көрөм.

- Үй деген эмне?

- Койоосунда мачиналар турат.

- Ырдаганды билесиңби?

- Жок.

- Санагандычы?

- Ооба. Эки үч, төйт, алты…

- Апаңдын аты ким?

- Анина (Алина).

- Бөбөгүңдүн атычы?

- Аиет.

- Чоӊ ата, чоӊ апаӊ каякта жашайт?

- Көлдө жашайт.

- Көлгө барган жолду билесиӊби?

- Түз барып атып, анан мындай буйулуп кетесиӊ. Ошондо көл турат жолуӊда. Анан түшөсүӊ…

- Эмнени жейсиӊ?

- Магазиндегилерди…

- Чоӊойгондо ким болосуӊ?

- Чоӊойсом чоӊ Алия эле болом.

 - Канча досуӊ бар?

- Эки эле досум бар.

- Жакшы балдар кандай болот?

- Жакшы болот.



Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 741
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×