При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-август
68.74    80.76    1.16    KZT 0.21

«Эгиздер»: Ысык-аталык Р.Омурова эгиздерин алмаштырып албайын деп, экөөнө эки өңдөгү байпак кийгизген (фото)

Turmush -  «Эгиздер» рубрикасынын кезектеги каарманы — Ысык-Ата районунун 9 жаштагы тургундары Айпери менен Адеми Жумашева.

Эгиздердин апасы Розита Омурованын айтымында, кыздары 2008-жылы 16-майда Ысык-Ата районундагы Туз айылында төрөлүшкөн. Учурда алар 3-классты аякташты.

«Айпери Адемиден он мүнөткө эрте төрөлгөн. Айперинин салмагы 2 кг 100 грамм болсо, Адеминин салмагы 2 кг 800 грамм болгон. Эгиздердин эки айлык кезинде адашып Айперини түнкүсүн эки жолу эмизчүмүн. Мындан улам аларды адаштырып албайын деп, экөөнө эки өңдөгү байпактарды кийгизип койчумун. Азыр эгиздерди өздөрүнөн атын сурап же бетинин түзүлүшүнө жараша айырмалап билебиз. Адеминин бети тоголок, Айпери болсо чап жаак жана бир аз ичке кыз. Адеми сологой болуп төрөлдү.

Эгиз балдарды багуу бир топ эле кыйынчылыкты туудурат экен. Мындан улам апам жардам берип, багышып жүрдү.

Экөөнө дайыма окшош кийим, оюнчук сатып беребиз. Бири-бири менен атаандашып, тез урушуп, кайра эле элдешип алышат. Айперинин мүнөзү жумшак, боорукер, кишиге кайрымдуу. Адеми болсо тың кыз», - деди ал.

Адеми менен Айпери сүрөт тартканды жактырышат. Алар мектепте эң мыкты бааларга окушат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 747
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу