Бөлүмдөр
Шаршемби, 13-декабрь
69.75    82.23    1.19    KZT 0.21
Чүй

Айыл турмушу: Токмоктук И.Жунушбаева жасаган төшөктөр 1,5 миң сомдон жогору бааланат (фото)

Turmush -  Токмок шаарынын 46 жаштагы тургуну Ирина Жунушбаева апасынын жолун улап, кол өнөрчүлүк менен алектенет. Ал 8 жылдан бери буйрутмалар аркылуу төшөк тигип жатат. Аны менен Turmush басылмасынын кабарчысы таанышты.

«Менин апам колунан көрү төгүлгөн уз-чебер аял болгон. Ал кийизге оймолорду өзү чийип, шырдак, туш кийиз, ала кийиз жасап, сайма сайып жана башка кыргыздын улуттук кол өнөрчүлүгүн аркалап келген. Мен да бала кезден анын бул ишине аралашып чоӊойдум. Апам эмне жасаса баарына жардам берип, жүн сабагандан баштап сайма сайганга чейинки жумуштарды аткардым.

Мектепти аяктагандан кийин жогорку окуу жайга тапшырып, экономика тармагында билим алдым. Кесибим боюнча 20 жылдай бухгалтер болуп иштедим. Бир күнү өзүмдүн оюмдагыдай төшөк алайын деп, бирок эч бир жерден таппай койдум. Мындан улам апамдан калган кол өнөрчүлүктү улап, өзүм эле жасоону туура көрдүм. Төшөктөрүм тааныштарыма да жакты. Ошентип, кол өнөрчүлүк менен кайрадан алектенип жатканыма 8 жылдай болуп калды», - деди ал.

Ирина айым бала менен үйдө отуруп калганда кол өнөрчүлүктү кайрадан баштап, бухгалтердик кесибин биротоло таштаган.

«Өз кесибим менен кайра жумушка чыккан жокмун. Себеби, апамдын кол өнөрчүлүгүн улантып, аны кызыма үйрөтүп, өзүмдүн да идеяларымды ишке ашырсам деген максат койгом. Кол өнөрчүлүк мага абдан жагат», - деди ал.

Анын жасаган төшөктөрү 550 сомдон 1 миң 800 сомго чейин бааланат.

И.Жунушбаева Нарын облусундагы Жумгал районуна караштуу Эпкин айылында 1971-жылы төрөлгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1741
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×