Бөлүмдөр
Жекшемби, 17-декабрь
69.75    82.18    1.18    KZT 0.21
Чүй

Айыл турмушу: Н.Давлетова кийизден жасаган оюнчуктарды дүйнөнүн төрт бурчунда жашагандар колдонуп жатышат (фото)

Turmush -  Москва районунун Беловодск айылынын тургуну Назира Давлетова кийизден түрдүү оюнчуктарды жасайт. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Н.Давлетова Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Светлая Поляна айылынын кызы. 3-класска чейин ушул айылдагы мектептен окуп, андан кийин Бишкек шаарындагы №5 мектеп-гимназияга которулган. Ал эми кесиби боюнча кыргыз тили жана адабияты сабагынан мугалим.

«Жолдошум Кумар милиция кызматкери болгондуктан Москва районунда жашап калганбыз. Кайын журтум Панфилов районунун Эркин-Сай айылынан болушат. Өзүмдүн апам убагында колхоздун конторунда бухгалтер болуп эмгектенген. Ал эми, чоң энем колунан көрү төгүлгөн тикмечи, курактарды мыкты кураган уз-чебер аял болгон. Турмушка чыккандан кийин мугалимдик кесипти аркалап, бирок көп жыл базарда кийим сатып эмгектендим. Балдарды карап үйдө отуруп калганда өзүмө ылайыктуу жумуш издеп жүрүп, абысыным аркылуу Кара-Балта шаарында ишкерлик менен алектенген Фаиза эже менен таанышып калдым. Ал эже мага алгач кийизден жасалган жомоктогу эргежээлди тиктирип көрмөй болду. 100 даана эргежээлдин кездемесин бычып берип, аларды үйгө алып келип тез аранын ичинде эле тигип бүтүрүп бердим. Ошондон бери Фаиза эжеден, анын Бишкектеги сиңдисинен жалаң кийизден бычылган эргежээл, жылкы, тоо, кой, эшек, пингвин, жомоктогу эликтин баласы Бембини, эки тарабы эки башка "Маанай" деген куурчактарды, бут кийим жана башкаларды алып келип, жасап берем», - деди кол өнөрчү.

Анын айтымында, бул оюнчуктардын ар бири өзүнүн ыкмасы менен тигилет. Биринчи оюнчуктун башын тигип алып, анын ичине тытылган синтепонду түйдөктөп салгандан кийин денесин, башына ылайыктап кулагын, көз, мурун тигиле баштайт. Куурчактын чачы чарык ичке жип менен 20 жолу кабатталып, ал эми аттын, эшектин куйругу 16 жолу кабаттап тигилет.

Назира эже бир күндө 8 даана оюнчукту тигип бүтүрөт.

«Орточо эсеп менен 2 жумада 50-100 даана оюнчукту тигип бүтүрөм. Баалары ар биринин жумушуна жараша 25 сомдон 75 сомго чейин төлөп беришет. Ар бир жасаган эмгектеримди карап алып суктанам жана алардан рахат алам. Фаиза эже "сенин эликтериңди Данияга жөнөтүп жатам" дегенде аябай сүйүнүп, толкундангам.

Биз тиккен буюмдар Франция, Германия, Америка, Дания, Казакстан жана башка чет мамлекеттерге кетет. Ошондуктан ар бир жасаган эмгегимди кыргыздарга сөз тийбегендей кылып, кылдаттык менен тиккенге аракет кылам», - деди ал.

Назира Давлетова жолдошу менен 3 кыз, 1 уулду тарбиялашты. Учурда алардын 1 небереси бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1786
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×